Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай Баатыр тилкесин куруу башталды

Кыска кабар | 12 Апр 2024 | 137 | 0

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай Баатыр тилкесин реконструкциялоо башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөт. Бул каражатты Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет.

Ал эми 1,1 млрд сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөн.

Жолдун курулушунун башталышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Жолдун участогунун узундугу 79,3 чакырым. Долбоордун алкагында 4 тилкелүү жол, тротуарлар, жалпы узундугу 79 697 м болгон веложол, аялдамалар, 14 көпүрө жана 877 суу өткөргүчтөр сыяктуу жасалма курулуштарды куруу, анын ичинде 2 жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк, 3 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө куруу каралган.

Курулуш учурунда атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарууну жок кылуу максатында пилоттук жана эксперименталдык долбоор катары электр самосвалдары колдонулат.

Мындан тышкары, Балыкчы-Барскоон-Каракол унаа жолунун тилкесиндеги курулуш иштери жүрүүдө. Долбоорду 2025-жылы аяктоо пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM