Биз менен байланышыңыз

Борбордук аянт оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Кыска кабар | 12 Апр 2024 | 96 | 0

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянты реконструкцияланат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

11-апрелде мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда борбордук аянтта жасала турган иштер боюнча жыйын өттү.

Реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турары, жакында аны ишке ашыруу боюнча иштер башталары айтылды.

Оңдоо иштерине байланыштуу коомдук жайлар, Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана эл достугу монументи, анын ичинде «Ала-Тоо» аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтө турган аймактар убактылуу жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM