Биз менен байланышыңыз

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал үч чокуга чыгууну пландоодо

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 149 | 0

Президент Садыр Жапаров Эверест чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов менен жолукту.

Жапаров өлкөнү даңазалаган спортчулардын ийгилигин жогору бааларын белгилеп, мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантарын жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн зарыл шарттарды түзөрүн айтты.

Эдуард Кубатов быйыл апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын айтты. Чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM