Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө веложол үч түскө боёлду

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 137 | 0

Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгындагы веложолду Shanghai baishi huanuo Road Engineering Co ишканасы үч түскө боёду.

Бул жумуш Бишкек шаарынын мэриясы менен аталган компаниянын кызматташтыгы алкагында жасалды.

Ар бир төшөлмөнүн техникалык көрсөткүчтөрү ар башка жана бааларын да айырмаланат:

-кварц кум менен аралаштырылган жашыл полимер боёгу;

-үстүнкү катмары керамика гранулдары менен сары полиуретан суюк клей;

-кошулмасы полиуретан күлгүн сары боёк.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарынын климаттык шарттарына ылайыктуу болсо, аталган технологияны борбор калааны көрктөндүрүү үчүн колдонуу боюнча белгиленген тартипте каралары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM