Биз менен байланышыңыз

12 стадиондо калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 6 Апр 2024 | 281 | 0

Бишкек шаарындагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган футболдук стадиондун курулушу башталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев билдиргендей, стадион 45 миң орунга ылайыкталган жана эл аралык футбол федерациясы ФИФАнын стандарттарына ылайык курулууда.

Долбоорго Түркиядан, Англиядан архитекторлор, адистер тартылды. 500дөн ашык курулушчу учун шаарча курулду. Курулушка болжол менен 60 миллион доллар же андан аз каражат керектелет деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары, өлкөдөгү 12 стадиондо калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. 2 жаңы стадион курулат.

Ташиевдин айтымында, бүгүнкү күндө стадиондун курулушуна 21 миллион доллар бөлүнгөн. Стадиондун аянты 85 миң чарчы метр, унаа токтотуучу жай жана техникалык аянт – 60 миң чарчы метр коммерциялык аянт – 35 миң чарчы метри түзөт.

Стадиондо күйөрмандар үчүн аянтчалар, машыгуу аянтчалары, соода борборлору жана спорт дүкөндөрү, кафе-ресторандар, гибрид менен жабдылган футбол аянтчасы болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM