Биз менен байланышыңыз

Таласта 27 жаштагы келин эки баласы менен киши колдуу болду

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 209 | 0

Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 24-майга караган түнү 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы уулу киши колдуу болду. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.

Аталган фактыга далил катары маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон аталган айылдын 48 жаштагы тургуну К.Н. издөө жарыяланды. Ошондой эле тиешелүү кызмат органдарына багыттамалар берилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM