Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы Аскат Жетигендин кыйноого кабылганын четке какты

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 206 | 0

Ырчы Аскат Жетиген уулуна карата кыйноолор болгон эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу Аскат Жетиген уулу Тергөө абагында (СИЗО-1) кармалып турган учуруда ага карата эч кандай кыйноолор болбогондугу тууралуу билдирди. Ал сот учурунда айткан сөздөрүн төгүндөп, түшүнүк кат жазып берди”, — деп айтышты мекемеден.

23-майда Аскат Жетиген уулунун иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, анда тергөө учурунда кыйноого кабылганын айткан.

Жактоочусу Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу факты менен Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылышканын айткан. Ишти Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирген.

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген 20-мартта камакка алынган. Аны 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген.

Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM