Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы балдар менен аялдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

Кыска кабар | 25 мая 2024 | 324 | 0
сүрөт интернеттен алынды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын жана аялдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырды. Ал Талас облусундагы жаш келиндин жана анын кичинекей балдарынын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө тынчсызданууда.

Акыйкатчы тез аранын ичинде сот органдарынан жана Юстиция министрлигинен пробациялык көзөмөлдү колодонуу маселесине көңүл бурууну талап кылууда.

«Кылмышкер шарттуу түрдө абактан бошотулгандан кийин, өч алуу максатында, зордук-зомбулукка кабылгандарга келип, катаал кылмыштарды жасаган биринчи жолку көрүнүш эмес», — деди Жамиля Жаманбаева.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар коомду жана зомбулуктун курмандыктарын пробацияга алынган кылмышкерлерден коргоо үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш.

Акыйкатчы оор кылмыштар үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробациялык көзөмөлдү колдонуу практикасы кылдат изилдөөнү жана кайра текшерүүнү талап кылаарын белгилейт.

Белгилей кетсек, 24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жарым жаштагы уулу киши колдуу болушту. Ички иштер министрлиги 47 жаштагы шектүү кармоо учурунда өлтүрүлгөнүн билдирди.

WPS уюму 2023-жыл үчүн даярдалган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM