Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасын тактаган жумушчу топтор жолукту

Кыска кабар | 25 мая 2024 | 237 | 0

Бишкекте 19-25-май аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM