Биз менен байланышыңыз

Президент иш сапары менен Ысык-Көлгө барат

Кыска кабар | 25 мая 2024 | 165 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Мамлекет башчысы “Акылман” президенттик лицейинде окуу жылынын аякташына арналган майрамдык иш-чарага катышып, лицейдин окуучуларын куттуктап, билим берүү мекемесинин камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынын өткөрөт.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун ачылыш аземине да катышат, “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоочу борборго барат, “Аврора” санаторийинин аймагындагы коттедждик шаарчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Балыкчы шаарында этти кайра иштетүүчү заводду ачат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM