Биз менен байланышыңыз

«Өч алуу үчүн өлтүргөн». Таластагы окуя боюнча жаңы жагдайлар такталды

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 527 | 0

Ички иштер министрлиги Таластагы үч адамдын өмүрү кыйылган окуя боюнча кошумча маалымат берди.

23-май түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталган.

Бул өзгөчө оор кылмыш орун алган жерге ички иштер органынын ыкчам-тергөө тобу барып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлгөн учурда төмөндөгүлөр аныкталган:

Шектүү жаран Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1976-жылы туулган К.Н., экендиги аныкталган.

Маалыматка караганда, өз убагында бир туугандар К.Н. жана К.М. ортосунда мүлк талашып, чыр болгон.

Бул чырдын натыйжасында, 2018-жылы шектүү К.Н. өз иниси К.М.ге бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бирок, көздөгөн аракети ишке ашпай калган.

Бул факт боюнча, ошол эле жылдын март айында 1976-жылы туулган К.Н., Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында, ушул эле жаран Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгып, пробациялык көзөмөл, Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

23-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган.

Иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган.

Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тараптка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында зөөкүрлүк менен үч адамды өлтүргөн К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.

ИИМ тараткан сүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM