Биз менен байланышыңыз

Президент: Бүтүрүүчүлөр, коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл

Кыска кабар | 25 мая 2024 | 146 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн,  мектеп бүтүрүүчүлөрүн акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан “Акылман — билим дүйнөсүндө” аттуу иш-чарада мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө кайрылды.

“Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөргө дагы ак жол каалай кетейин!

Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жеке жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн! Билим алган мектеп, таалим-тарбия берген мугалимдер менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга акыркы коңгуроо кагылып турат.

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Силер турмуштун даңгыр жолунда өз ордуңарды таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл.

Адам баласынын жашоосунда кесип тандоо – өтө маанилүү маселе! Мен силердин «жети өлчөп, бир кесип», жеке мүмкүнчүлүк, жөндөмүңөрдү байкап, каалооңор менен акыл көрөңгөңөр туура келген кесипти тандооңорго тилектешмин. Кандай кесипти тандасаңар дагы ата-энеңер, агай-эжейлериңер сыяктуу мен дагы албан-албан ийгиликтерди жаратышыңарды каалайм. Себеби силерге бүткүл өлкө, жалпы журтубуз үмүт артып турат!

Мектептен таалим-тарбия алып, терең билим топтоо менен аттанган сапарыңар байсалдуу болсун!” – деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM