Биз менен байланышыңыз

Таластагы үрөй учурган окуя пробация маселесин козгоду

Коом | 24 мая 2024 | 687 | 0

24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жарым жаштагы уулу киши колдуу болушту. Ички иштер министрлиги 47 жаштагы шектүү кармоо учурунда өлтүрүлгөнүн билдирди.

Кармалган адам 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыкканы маалым болду. Бул окуядан кийин коомчулукта аялдардын жана балдардын коопсуздук маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Укук коргоочулар ар бир аймакта аялдардын жана балдардын укугун коргонон уюмдар болуусу керектигин айтышууда. Ошондой эле Кыргызстанда жазасыз калган кылмыш көбөйгөндүктөн ушундай окуялар кайталанууда

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин кармалган К.Н аттуу адам жана К.М аттуу бир тууганы мүлк талашып, чырдашкан. 2018-жылы ал инисине бычак менен кол салып, Кара-Буура райондук сотунун чечими менен “адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси” боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан.

 «23-май күнү саат болжол менен 23:00 чамасында 1976-жылы туулган К.Н. эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Үйүндө, иниси К.М. талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова коомчулукта кылмыш жасагандан кийин жоопкерчиликтен кача алам деген түшүнүк бардыгынан улам аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жаткнына токтолду:

«Коомчулукта, тилекке каршы жоопкерчиликтен кача алам деген түшүнүк калыптанып калган. Ошон үчүн аялдарга, жаш балдарга болгон зордук-зомбулук болгон окуялар байма-бай катталып жатат. Анткени коомчулукта кандайдыр бир мыйзам бузсам сөзсүз жоопкерчилик тартам деген так түшүнүк болуу керек эле. Бизде тилекке каршы зордук-зомбулук боюнча, урдоо жана башка көп кылмыштын түрлөрү боюнча коомчулукта сүйлөшүү, коррупция аркылуу жоопкерчиликтен качканга мүмкүнчүлүк болот деген так түшүнүк бар. Ошол себептен мындай окуялар токтобой келе жатат.

Бул биздин укук коргоо органдарынын аракетсиздиги, зордук-зомбулук боюнча ишти албай, каттабай, убагында экспертиза жүргүзбөгөн учурлар абдан көп. Ошондуктан биздин милиция кызматкерлеринин, прокуратура, соттордун жоопкерчилигин жогорулатуу керек ушундай учурларды ачыктап негизсиз квалификациясын жумшарткан учурлар боюнча ар бир мамлекеттик кызматкер жоопкерчиликке тартылыш керек».

Таластагы окуядан соң коомчулукта пробация маселеси да талкууланууда. Атыр Абдрахматова пробация инсутуту керек экендигин, бирок жаңы түптөлгөндүктөн кадр жетишсиздиги жана башка маселелер бар экендигин кошумчалады.

Ошондой эле пробация инстутут өлкөгө керектигин, алар кылмышкерлер менен жаза аткаруучулар менен иштешсе, кризистик борборлор жабырлануучулар менен иштешээрин белгиледи.

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, пробацияга чыгарылып жаткан адам тыкыр көзөмөлдө болушу керек. Ошондой эле пробация маселеси каралып жатканда жабырлануучу тарап да сөзсүз катышып, анын макулдугу менен гана сот чечим кабыл алуусу зарыл.

«Пробация деген институт болуш керек. Бирок аны кантип колдонуп жатат ал башка маселе, ошондуктан ушундай учурларда изилдөө, тергөө жүргүзүп жоопко тартуу керек. Башында пробацияга чыгарганда аны укук коргоо органдар көзөмөл кылыш керек жана пробация маселеси каралып жатканда жабырлаган тараптын катышуусу менен өтүү керек. Бүгүнкү күндө айрым учурда жабырлануучу тарапты катыштырбай эле сот чечим чыгарып салган учурлар да бар».

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, мындай окуялардын алдын алуу үчүн ар бир аймакта аялдардын жана балдардын укугун коргогон уюмдар иш алып баруусу керек. Ошондой эле мындай уюмдар менен иштешүүгө жергиликтүү бийликда кызыктар болуусу зарыл.

«Биз буга чейин Талас шаарына ЮНИСЕФтин жардамы менен «үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» борборун ачканбыз. Кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары  бизге мындай борбор керек эмес» деп колдобой койгон. Зордук зомбулукту алдын алыш үчүн кызмат болуш керек, кызматкерлер жана кызматтар күнү-түнү иштеши керек.

Пробацияга чыккандан кийин күнү-түнү көзөмөлгө алуусу керек эле. Эми тергөө ишин жүргүзүү керек, анда пробация инстутунун өкүлдөрү аны менен канча жолу жолукту, кандай иштерди жүргүздү мунун баары иликтениш керек. «Адам өлтүрүүгө аракет жасаган» деген берене менен соттолгон экен. Адам өлтүрүүгө аракет кылган жаран пробация менен чыгып, кайра барып адам өлтүргөнү, менимче, реабилитациялоо иштери жакшы жүрбөгөндүгүнөн кабар берет».

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков пробация менен бошотулган жаранга кандайдыр бир талаптарды коюп, жабырлануучу жашаган аймактан башка жака көчүртүп же жабырлануучу жашаган аймакка кирүүсүнө тыюу салган чараларды колдонуу керектигин айтып берди.

«Албетте бул окуя өтө өкүнүчтүү, өкүнүчтүү деп айтса деле аздык кылат эмне деп айтышты да билбейсиң. Негизи ошондой адамдардын зыянынан сактай турган жолдор болуш керек. Мейли пробацияга чыкса чыксын, бирок ошол айылда жашабаш керек же ошол аралыктан канча бир километр жакындабасын деген жол-жоболор болуш керек. Кылмыш жасоосуна мүмкүнчүлүк түзүп берип ошол эле айылга кайра алып келип койгону бул өтө өкүнүчтүү. Мындан бир тыянак чыгарыш керек. Мисалы, Австралияда ушундай жагдайда бирөөгө зыян тийгизип койо турган болсо канча бир километр жакындабайт деген мыйзамдар бар».

Өлкөдө акыркы жылдары кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары утур-утур катталып, өлүм менен катталган учурлар да бар.

Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 2023-жыл үчүн даярдалган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM