Биз менен байланышыңыз

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына модернизация жасалат

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 94 | 0

Президент Садыр Жапаров 25-мартта Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда «Кыргызжылуулукэнергонун» балансында 160 откана бар, алар республика боюнча 53 миң 226 абонентти жылуулук менен камсыз кылат, көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн 75 пайызын жеке адамдар түзөт.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын таза кирешеси 111 млн сомду түздү.

Таалайбек Ибраев тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен субсидия катары эки млрд сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.

Президент жылуулук берүү системасында коррупциялык көрүнүштөр болуп жатканын белгилеп, ал Жогорку Кеңештин депутаты кезинде эле ишкананы реформалоо маселесин бир нече жолу көтөргөнүн эске салды.

Жапаров жылуулук менен камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алууну жана анын мөөнөтү аяктаганда субсидия төлөө токтотуларын белгилөөнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM