Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин тобун каржылоого шектелген Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 194 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өкүл атасы экени айтылган Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы аныкталганын кабарлады.

Тактап айтканда, Камчы Асанбек менен Азим Рой L.А. жана R ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Аны жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.

Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен К.Асанбекке таандык экендигин тастыкташкан.

20-мартта кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM