Биз менен байланышыңыз

Зомбулуктун алдын алуу боюнча аймактарда жасалган иштер тууралуу маалымат берилет

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 103 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

27-мартта Бишкекте «Үй-бүлөлүк зомбулуктан cактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер: чечкиндүү аракеттерге убакыт!» аталышында аймактык форум өтөт. Анын алкагында долбоордун жыйынтыктары жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча 10 жергиликтүү комитеттин аткарган ишери тууралуу маалымат берилет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттер 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында 10 пилоттук айыл аймактарында инновациялык GALS методологиясын калк арасында жайылтуу жана алардын ролун күчөтүү максатында түзүлгөн.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, айыл өкмөттөрдүн башчылары, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чуй облустарынын жергиликтүү комитеттери катышат.

Анда Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын пилоттук жамааттарында гендердик стереотиптерди жайылышы жана таралышы боюнча жасалган изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталат.

Жыл ичинде аялдарга карата зомбулуктун алдын алууда GALS методологиясын практикалык колдонуу боюнча жергиликтүү комитеттердин иш-чаралары түзүлүп, үй-бүлөлүк зомбулукка, эрте никеге турууга, кыздарды мажбурлап уурдоолорго каршы күрөшүүгө багытталган бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжалуу иш-чаралар үчүн жергиликтүү комитеттерге насаатчылык колдоо көрсөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM