Биз менен байланышыңыз

Балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 223 | 0

2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

Биринчи этап жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин, экинчи этап – анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин.

Ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM