Биз менен байланышыңыз

Ошто жайыт жерлерди жана социалдык объектилерди мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 174 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын балансында турган жайыт жерлерин жана айрым социалдык объектилерди мыйзамсыз сатууга тиешеси бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кримтөбөл Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Бойко» каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн, «Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен макулдашып, айыл өкмөттүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен.

Белгиленген участоктор 10 000 АКШ долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча каражатты жогоруда аталган жактар тарабынан турак/турак эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъекттерин ачууга же сатып алууга салуу жолу менен легалдаштырылган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM