Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСнин 1-гидроагрегатын реконструкциялоо иши жүрүүдө

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 125 | 0

Энергетика министрлиги Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иши жүрүп жатканын кабарлады, жумуштар 5-мартта башталган.

ГЭСтеги реконструкция иши план боюнча 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилинде толук бүткөрүү керек.

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын жаңылоо аяктаса, кошумча 60 МВт кубаттуулукка көтөрүлөт, ГЭСте кубаттуулук 1380 МВт болот.

Мындан тышкары Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо пландалып жатат. Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаты 180 МВтты түзөт (ар бири 45 МВт болгон 4 блок).

Орточо узак мөөнөттүү өндүрүш жылына 820 млн кВт саатты түзөт. Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке киргизилгенден бери өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. Аталган ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM