Бүгүн, 20-мартта акын, ырчы Аскат Жетиген эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Райондук соттун 20-марттагы чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, Аскат Жетиген 2024-жылдын 19-майына чейин камакка алынды.
Аскат Жетигенди 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келишкен. Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.
18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны Кыргызстандын сыртына чыкпоо тил катынын негизинде бошоткон.
Аскат Жетиген белгилүү комузчу, акын жана композитор. Маалыматтарга караганда, 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп, 20дан ашык мамлекетте концерт койгон.
Кыргызстандын азыркы бийлигин сындаган бир катар видеокайрылуулары бар.