Кыргызстандын Ош шаарынан Кытайдын Кашкар шаарына аба каттамдарын ачуу сунушталды.
Мындай демилени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен сүйлөшүүдө киргизди.
Кашкар — Кытай Шинжаң-Уйгур автоном районунун түштүк-батышында жайгашкан шаар. Калкынын саны — 570 000 (2003-жылга карата).
«Манас» эпосунда Кашкар кыргыздарга коңшу отурукташкан эл жашаган белгилүү чоң шаар жана айланасындагы аймак катары эпосто кеңири кездешет.
Минкаб башчысы 2-мартка чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда иш сапары менен болот. Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн жолугушуусуна катышат.
Мындан тышкары «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашкардагы Нарын эркин экономикалык аймагынын кампасына, «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун бондалык кампасына барат.