Биз менен байланышыңыз

Элге жогорку үстөк пайыз менен насыя берип жүргөндөр аныкталды

Кыска кабар | 26 Фев 2024 | 847 | 0

Жарандарга жогорку үстөк пайыз менен акча ссудаларын берүү аркылуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алууга шектелген топ аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Кармалгандар жылына 60% дан 120%га чейин оор шарттарда накталай кредиттерди беришкен, пайызын төлөй албаган карыз алуучулар күрөөгө койгон кыймылсыз мүлктөрүнөн ажырап калышкан.

22-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, О.Ж.К. жана Д.Д.Н аттуу жарандар пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган топтун мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК бул топтун алдамчылык аракеттеринен жабыркагандарды  0 (312) 660475 номуруна кайрылууга чакырат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыркы жылдын аягында Жалал-Абад облусундагы коопсуздук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында өлкөдөгү күрөөканаларды иликтөө тапшырмасын берген. Андан кийин 100дөн ашык күрөөкана текшерилип, жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүүгө милдеттендирилген.

УКМКнын текшерүүсү: Кезек күрөөканаларга жетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM