Биз менен байланышыңыз

УКМКнын текшерүүсү: Кезек күрөөканаларга жетти

Коом | 27 Дек 2023 | 542 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы кырктан ашык күрөөкананы текшерди. Буга чейин атайын кызматтын төрагасы күрөөканадан акча алган жарандардын көпчүлүгү жапа чегип жатканын, мүлкүн алдырып ийгендер да бар экенин айтып, үстөк пайызын төмөндөтүү керектигин белгилеген. Аталган маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Экономика министри бул масле боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирген. 

Биз күрөөканаларды кардар катары кыдырып көрдүк.

— Салам алейкум! Ноутбугумду күрөөгө коюп, акча алайын дедим эле…

— Алейкум салам, биз алтын менен унаа эле алабыз. А ноутбукту ЦУМ жактагы күрөөканалар алат.

— А сиздер алтынды канчадан аласыздар, эмнесине карап аласыздар?

— Алтынды пробасына жараша алабыз, граммына миң сомдон үч миң сомго чейин болот.

— А пайызы кандай болот?

— 1000 сомго 60 сом кошулат, эгер 100 миң сомдон жогору болсо, 1000 сомго 40 сомдон кошуп алабыз.

— Канча убакытка берилет, канча пайыз кошосуздар?

— Бир айга беребиз. Андан кийин он күн күтөбүз, көрсөткөн убакыттан өтүп кетсе, пайыз кошулат. Пайызы товарга жараша болот. Кардар бардык сумманы төлөй албаса, келип пайызын төлөп, дагы бир айга узартууга болот. Узартпаса, буюмун сатып ийебиз.

Биз кыдырган бир нече күрөөкананын айрымдары жаңы жылга карата эч нерсе албай жатышканын айтышты. Кээ бири алтын менен унаа гана аларын айтышса, айрымдары уюлдук телефондон тарта унаага чейин алышарын айтышты. Эмне буюм болбосун, күрөөгө бир айга гана калтырууга болот. Эгер бир айдын ичинде көрсөтүлгөн сумманы төлөй албай калган учурда кийинки айга пайыз кошулат, аны алган адам келип, пайызын төлөп, дагы бир айга узартат. Такыр төлөй албай калган учурда алынган буюм сатыккка чыгып кетет.

Күрөөканачылар ар бир буюмдун сапатына, абалына жараша күрөөгө алат.

Бишкек шаарынын тургуну Адинай Тойгонбаева беш ай мурун шаардагы күрөөканалардын бирине ноутбугун коюп, акча алган. Ал алган акчаны толук төлөй албагандыктан, ай сайын пайызын төлөп келет. Айтуусунда, пайызды убагында төлөбөсө, келишим боюнча ноутбук сатылат.

«Мен беш ай мурун күрөөканага ноутбугумду коюп, 16 миң сом алгам. Негизи күрөөкана бир айга берет. Ал акчаны бир айда таппай калып, шартыма байланыштуу төлөй албай жатам. Бирок 900 сом берип, кийинки айга узартып койсо болот. Беш айдан бери узартып жүрөм. Эгер пайыз төлөп, узартпасам, ноутбук сатылып кетет. Ноутбугум өзүмө керек. Бирок буга чейин алтын чынжырымды да коюп, акча алгам. Аны чыгара албай калып, сатылып кетти».

Кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы 40тан ашык күрөөкананы текшерген. Анда күрөөканалардын тастыктама-уруксат кагаздарына, күрөө мүлктөрүнө коюлган пайыздык өлчөмдөргө кароо жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, УКМК кызматкерлери үстөк пайызды 20%дан ашырбоо талабын коюшуп, кокус андан ашып кетсе, айып пул салынарын эскертишкен.

Ошондой эле атайын кызмат күрөөкана ээлеринин кайрылуусун видеого тартып, жарыялады. Анда күрөөкана ээлери жүргүзүлүп жаткан иштерге жана пайызды түшүрүүгө макулдугун билдиришкен.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу учурунда күрөөканаларды текшерүү, үстөк пайыздарын азайттыруу тапшырмасын берген.

«Терс көрүнүштөрдүн бири көп жылдан бери чара көрүлбөй жаткан, көрүлсө да эффективдүү ишке ашпай келген тармак — күрөөканалар. Ар бир шаарда, ар бир райондо, жер-жерлерде күрөөканалар көбөйүп кеткен. Берген пайызын карасаң, төбө чачың тик турат. Алардан акчаны колунда жок, акчага мутаж, көздөрү жанып тургандар барып алууда. Күрөөкана пайыздын үстүнө бир нече пайыз кошуп, дагы эзет. Адамдар мал-мүлкүн, үйүн алдырып коюуда. Биз мыйзам чегинде Улуттук банктын кызматкерлери менен биргеликте бул маселени чечип, пайыздык чекти түшүрүшүбүз керек».

Буга чейин күрөөкана маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Анда депутат Нуржигит Кадырбеков өзүнө кайрылган жарандардын бири күрөөканадан 70 миң сом алып, кайра 1 млн 200 миң сом кайтарууга аргасыз болуп жатканын мисал келтирип, элди алданбоого чакырган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдөгү күрөөканалардын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору сунушталып жатканын, бүгүнкү күндө жылдык үстөк 200 пайызга чыгып кеткен учурлар бар экенин айтты.

«Күрөөканалар пайыздык ставкалары канча экенин да ачык айтышпайт. Ал эми жарандар банктык процедуралардан качып, кыска убакытта акча алып туруу үчүн күрөөканаларга кайрылат. Ошондой эле жарандар келишим менен толук таанышпайт. Эми жаңы мыйзам менен күрөөканалардын пайыздык үстөгүнө чектөө киргизилет. Кардар пайыздар тууралуу так билип турушу керек».

Күрөөканалардан өлкө бюджетине быйыл 11 айда 70 млн сом салык түшкөн. Былтыр 25 млн, андан мурунку жылы 38 млн сом түшкөн.

«Ломбард иши чөйрөсүндөгү» мыйзам долбоорунун сунушталган вариантына ылайык, күрөөкананын пайыздык үстөгүнүн жылдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталган орточо салмакта алынган номиналдык пайыздык коюмдун негизинде эсептелип чыгып, ага 30 пайыз кошулат.

Бирок күрөөканалар иш жүзүндө зайымдарды 1-2 жумага, орточо эсепте күнүнө 0,3% менен (0,1 ден тарта 0,7%га чейинки чектерде күнүнө) берет. Муну жылына эсептегенде жылдык 108%ды түзөт. Ошондуктан сунушталган мыйзам долбоору зайымдын наркын жылдык 108 %дан 47,23 %га чейин же 2 эсе төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Copyright © 2017 Maral FM