Биз менен байланышыңыз

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси 12 жылга эркиндигинен ажырады

Кыска кабар | 16 Фев 2024 | 5885 | 0

Бүгүн, 16-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча ишти карап, жетекчиси Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу отурумга катышкан кабарчысы билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Маалыматка караганда, Акинай Бекмурзаеваны эркиндигинен ажыраткандан тышкары жабырлануучулардын чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирген. Ошондой эле кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымовду 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.

Айта кетсек, турак жай алуу үчүн «Ихсан» кооперативине акча салып, бирок кийинчерээк үйдөн же акчадан жок калган жабырлануучулар 2022-жылы жаз айларында Бишкекте жана Ошто митинг өткөрүшүп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашкан.

Ички иштер министрлиги бул боюнча билдирүү жасап, кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголгонун, учурда иликтөө жүрүп жатканын кабарлаган. Кийинчерээк бул кылмышка 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) да кошулганы белгилүү болгон.

Ошол жылдын 12-июлунда Ички иштер министрлиги кооперативдин жетекчиси Акинай Бекмурзаева жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарга шектелип кармалганын, соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилгенин маалымдаган.

ИИМ тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берип, кооперативдин кызматкерлерине жалпы 400дөн ашуун айып коюлганын, жабырлануучулар тарткан чыгым 700 млн сомдон ашканын билдирген.

Аны менен катар кармалгандарга айыбы угузулуп, иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнү да айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM