Биз менен байланышыңыз

«Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 415 | 1

«Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрына чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарганын соттун маалымат кызматы кабарлады.

«Ихсан» кооперативине жана негиздөөчүлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («алдамчылык»), 210-беренеси («ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Ихсан» жарандарга 121 млн 313 миң 950 сомдук зыян келтирген.

2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуу келип түшкөн.

Жарандар түзүлгөн келишимдердин негизинде кирүү акысын 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле 25-35 пайыз баштапкы төлөм, сатып алынуучу мүлктүн наркынын 50 пайызын төлөшкөн.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, автоунаа да ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай жатышканын айтышкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: «Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин жетекчиси 12 жылга камалды — BIA

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM