Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Алдамчылыкка айыпталган «Ихсан» кооперативи ишин улантууда

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 291 | 0

Ички иштер министрлиги «Ихсан групп ЛТД» турак жай кооперативин тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди.

Берилген маалыматка караганда, кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т. качып кеткендигине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси менен коюлган айыбы сыртынан угузулуп, камакка алуу үчүн издөө жарыяланган. Ага жалпысынан 396 фактынын негизинде иш козголгон.

Андан тышкары кооперативдин башка кызматкерлери Б.А.Т. менен А.Э.К.ге 400дөн ашуун айып коюлуп, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ушул өңдүү кооперативдин мыйзамсыз иштеринен жабырлануучулар тарткан чыгым 425 млн сомдон ашкан.

Аны менен катар «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин түштүк филиалына 330 факты менен кылмыш иши козголгон. Өлкөнүн түштүк аймагынын тургундары тарткан чыгым 276 млн сомдон ашуун деп эсептелген.

Ички иштер органдарына кайрылгандардын көбү турак жай сатып берүүнүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткенине даттанышкан.

Учурда кооператив ишин улантып жатканы маалымдалды. Ага «Ихсанга» көптөгөн жарандар катталып, турак жай алышканы, үй алган жарандар банктык эсепке ушул кезде да акча которуп жүрүшкөнү себеп болгон. Ошол эле учурда кооперативдин банктык эсептери камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM