Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркияга сапарында ЖЭБдеги кырсыктан жабыркагандарга барды (видео)

Кыска кабар | 11 Фев 2024 | 263 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн 4 кыргызстандыктан кабар алуу үчүн Адана шаардык илимий-изилдөө ооруканасына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, беш кызматкерди күйүк чарпкан. Алардын ичинен эки бейтаптын абалы өтө оор болгондуктан Түркиянын Адана шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.

Бул эки бейтап менен кошо 17-январда кулаган тик учактан жабыркаган аскер кызматкерлеринин экөө да жиберилген.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин коштоосунда бейтаптардын абалын сурап, аларга ден соолук каалады.

Бишкек ЖЭБинде жабыркаган бейтаптардын бири: «Ата-энемдин жалгыз эркек баласымын. Бир кыз бир уулум бар, аялымдын да боюнда бар. Жанталашып эки жумушта иштечүмүн», — деди.

Министрлер кабинетинин төрагасы үй-бүлөсүнө каралашып турарын, кабатыр болбой, жакшылап дарылана беришин айтты.

Айта кетсек, Акылбек Жапаров Түркиянын борбору Анкара шаарына расмий сапар менен 9-февралда жөнөп кеткен. Эки күндүк иш сапар кечээ жыйынтыкталганы расмий кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM