Биз менен байланышыңыз

Кулаган тик учактын чоо-жайы: Жоопкерчилик кимде?

Коом | 18 Янв 2024 | 628 | 0

Кечээ Бишкектеги Достук кичи районуна жакын «Фрунзе-1» авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Сүйүн Абдырачалов бортто жалпы 11 киши болгонун, тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

Бул окуяга байланыштуу бир нече кызматкер жумушунан убактылуу четтетилди. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим кырсыкты бейтарап иликтөө үчүн кабыл алынды.

«2024-жылдын 17-январында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда МИ-8 тик учагы кулаган. Учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматкери каза болду. Калганы Бишкек шаарындагы ооруканаларда. Аталган факт боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүүлүдө. Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары тергөө иштеринин объективдүү жүргүзүү максатында ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулду».

Тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Клиникалык тез жардам кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Илим Манапов айтты. Тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт адамдын экөө бүгүн палатага которулган. Ал эми Улуттук госпиталга жеткирилген эки аскер кызматкеринин да абалы туруктуу.

Башкы дарыгердин орун басары Манапов тез жардам ооруканасында жаткан аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Биздин ооруканага 8 адам түшкөн. Анын ичинен төртөө оор жаракат алган. Аларды жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Экөө палатага которулду. Ал эми калган экөөнүн абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бирөө кечээ операция болгон. Анын оң буту бырчаланып, тамырлары үзүлүп кеткен, ошолорду калыбына келтирдик. Алдыда дагы операция болот. Баарынын мээси чайкалган. Арасында колу, омурткасы, бели сынгандар бар. Травмалар оор болгон. Бирок абалдары туруктуу».

Буга чейин учкуч Рустам Жоробаев Ютуб-каналдардын бирине берген интервьюсунда аскердик авиациядагы башаламандык, коррупция тууралуу айтып чыккан.

«Учактардын капиталдык ремонттон өткөнүн эл билбеши керек деп жатышат. Коргоо министрлиги капиталдык ремонт болгонун 2-февралда ачыктаган. Капиталдык ремонт болгон эмес, болсо да сапатсыз болгон. Ошого сарпталган акчаны бөлүп алышкан да, эгер оңдоп-түзөө иштери болбосо. Өзбекстандан да жакында тик учак алдык, ошол менен салыштырып көрөлү. Булар президентти, УКМКнын жетекчисин алдап жатышат. Так айта албайм, бирок маалыматым боюнча 6 млн долларга ремонт болгон. Бир карап эле ремонт болбогонун көрсө болот».

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча эксперт Артур Медетбеков Кыргызстанга келген тик учактардын көбү эски экенин белгиледи.

Айтуусунда, Коргоо министрлиги ар бир учактын техникалык жагын карап, абалы кандай экенин текшерип турууга милдеттүү.

Ошол эле учурда Медетбеков мындай окуя буга чейин да болгонун эске салды. Ал бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

«Ачыгын айтканда, Кыргызстанга келген тик учактар эски тик учактар болуп эсептелет. Кээ бири эле капиталдык ремонттон өтпөсө, айрымдарынын абалы дагы деле жогорку деңгээлге жете элек экени билинип турат. Ошондуктан бул тик учактарды дайыма учуруп, техникалык жактан жабдыктарын алмаштырып, алдын ала даярдоого Коргоо министрлигинин атайын башкармалыгы милдеттүү. Тилекке каршы, кечээки окуя кайгылуу трагедия болуп калды. Ошол боюнча иш козголуп, териштирүү иштери белгилүү болгондон кийин жоопкерчиликти тарта турган адамдар тартышы керек. Мыйзам алдында жоопкерчиликти тартуу керек. Бул Коргоо министрлигине чоң сабак болуп эсептелиши керек».

2021-жылдын июнь айында да Ош облусунун Ноокат районунда авариялык абалда конгон тик учактан өрт чыгып, андагы 14 жабырлануучу Ош облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Маалыматка ылайык, анын ичинен ар түрдүү деңгээлдеги күйүк алган 5 жабырлануучу күйүк бөлүмүнө, бирөө травматологияга, 3 адам нейрохирургияга жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM