Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлигинде 105 млн сомдон ашык каржылык бузуу болгон

Кыска кабар | 28 Янв 2024 | 354 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинде жана ага караштуу мекемелерде 105 млн 999 миң 800 сом каржылык бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.

Эсептөө палатасы кечээ, 27-январда Саламаттык сактоо министрлигинде 2022-жылдагы боюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча аудит жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында төмөнкүдөй каржылык мыйзам бузуулар болгону далилденген:

  • бюджеттик тутумдун каржы долбоорун түзүүдө жана кароодо жасалган бузуулар – 3 млн 112 миң 600 сом;
  • бюджеттик тутумдун каржысын аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 55 млн 378 миң 400 сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн 819 миң 400 сом;
  • эсепке алуу жана отчёт тартибин бузуу – 26 млн 939 миң 800 сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамын бузуулар – 10 млн 749 миң 600 сом.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборуна жүргүзгүлгөн аудиттин корутундусу Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Саламаттык сактоо министрлигине отчёт, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама жиберилген.

Copyright © 2017 Maral FM