Connect with us

Кулак-мурду кескиленген келиндин күйөөсү 20 жылга эркиндигинен ажырады

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 888 | 0

Сокулук районунун Селекция айылынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду райондук сот 20 жылга эркиндигинен ажыратты.

Андан тышкары айыптуу мурдагы аялына 2 млн сом кенемте, мамлекетке 80 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Айта кетсек, 2023-жылдын 20-сентябрында 36 жаштагы кулак-мурду кескиленген келин Сокулук райондук ооруканасына түшкөн.

Кылмышка шектүү катары келиндин мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов камакка алынган.

Ушунда гана Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн кордоп жатканын айтып буга чейин да беш жолу милицияга арыз жазганы белгилүү болгон. Бул боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөдөн кийин иш сотко өткөн.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов бул иш боюнча Азамат Ногойбаевди беш жылга кесип, бирок айыптуунун көзү азиз апасы, жабырлануучу менен айыпталуучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жыл пробациялык мөөнөт берген.

Асел Ногойбаева кулак-мурду кесилип ооруканага түшкөндөн кийин гана Чүй облустук соту Сокулук райондук сотунун чечимин кайра карап, 27-сентябрда Азамат Эстебесовдун пробациялык мөөнөтүн сегиз жылга эркиндигинен ажыратууга өзгөрткөн.

Жабыркаган келинге Кыргызстанда сегиз сааттан ашык операция жасалган. Андан соң Түркиядан да кайталап операция болгон.

Copyright © 2017 Maral FM