Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын дарыгерлери боорду алмаштыруу окуусуна жөнөп кетишти

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 888 | 0

Кыргызстандын дарыгерлери боорду алмаштыруу тажрыйбалык окуусунан өтүп келүү үчүн Түркияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Он үч адамдан туруп, катарына тажрыйбалуу хирургдар, анестезиологдор, УДИ дарыгерлери, лаборанттар, медайымдар кирген топ Түркияда үч ай акысыз окушат. Алардын жатакана, тамак-аш сыяктуу маселелерин Түркиянын Инөү медициналык университети камсыздап берет.

Дарыгерлер жөнөп кетүү алдында Кыргызстандагы дарыгерлердин аксакалы, академик Мамбет Мамакеевдин каалоо-тилегин угушуп, батасын алышкан.

Айта кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-12-январда Түркияга жасаган иш сапарында Инөү медициналык университетинде болуп, боор алмаштыруу операциясына катышкан, окуу жайдын иштөө шарттары менен таанышкан. Жыйынтыгында кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн.

Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясы жасалат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM