Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясы жасалат

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 232 | 0

Бүгүн, 16-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна барып, боорду алмаштыруу операциясына көрүлүп жаткан камылгалар менен таанышты.

Министрликтин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, борбордун боор хирургиясы бөлүмүнө бюджеттен 5 млн сом бөлүнгөн. Учурда бөлүмдү оңдоп-түзөө, операциянын жаңы баскычына даярдоо жүрүп жатат. Ал иштер февраль айынын ортосунда аякташы керек.

«Биз боорду алмаштыруу операциясына даярдык көрүп жатабыз. Ал Улуттук хирургия борборунун базасында өтөт. Биз ал үчүн борборду кымбат баалуу заманбап жабдуулар менен камсыздадык. Улуттук хирургия борборунан мыкты жыйынтыктарды күтөбүз», — деди Бейшеналиев.

Министр андан тышкары борбордон эки хирург, эки анестезиолог, эки УДИ дарыгери, эки лаборант жана төрт медайым, жалпы 12 мыкты адис Түркияга тажрыйба алмашуу окуусуна жөнөтүлөрүн кабарлады.

Маалым болгондой, окутуу акысыз жүргүзүлүп, жатакана, тамак-аш жана башка маселелерин Түркия тарап чечип берет.

Айта кетсек, 12-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия мамлекетинин Малатья шаарына барып, Инөнү медициналык университетинин иши менен таанышкан. Иш сапардын алкагында министр боорду алмаштыруу операциясына катышкан.

Жыйынтыгында университеттин ректору Ахмет Кызылай менен кызматташтык жөнүндө келишим түзүп кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM