Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторду 2024-жылы толугу менен жок кылабыз

Коом , Кыска кабар | 2 Янв 2024 | 634 | 0

Бүгүн, 2-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы 2023-жылы башталган күрөш 2024-жылы да уланарын айтты.

“2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор, кайсыл бир кримтөбөлдөр болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу, эркин мамлекет болот. 2024-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун кайсыл бир мүчөлөрү калган болсо, аларды тыптыйпыл кылып жок кылабыз. “Вор закон”, “-Смотрящий”дегендер болбойт жана мындай сөздөр колдонулбайт. Мындай тартип бир гана эркиндикте эле эмес, түрмөдө да сакталат”-деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, коррупцияга каршы күрөш учурунда мамлекеттик мүлккө кол салган адамдардын саны азайганын белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынган. Ошондой эле, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM