Биз менен байланышыңыз

«Жашыл» долбоорлорду каржылоого кызыкдар тараптар көп

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2023 | 499 | 0

Бишкекте 16-ноябрда «Жашыл экономика — 2023» форуму жана «Green EXPO — 2023» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынын өкүлү Мунара Мураталиева «Маралдын» эфиринде айтты.

Иш-чараны JIA бизнес ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги бир катар уюмдардын колдоосу менен өткөрөт.

«Быйыл форум Борбор Азия масштабында өткөрүлүп жатат жана катышуучулар миң кишиге жетет. Кийинки жылдары дагы көбөйөрүнө ишеним бар. Мындай аянтча керек, себеби анда жашыл экономикага өтүү тууралуу ой-максаттар айтылат, аны өлкө аймактарына жайылтууга түрткү болот. Мисалы, былтыр өткөн форумдун жыйынтыгындагы резолюцияда электромобилдерди алып келүүгө шарт түзүү деталдуу жазылып чыккан. Анын алкагында электр унааларын кубаттоочу станциялар курулуп жатканын мисал келтире алабыз. Башкача айтканда, жашыл экономика эмне экенин эл түшүнүп, аң сезимине кирип жатат. Бул форумдардын, талкуулардын жыйынтыгы деп ойлойбуз» , — деди Мунара Мураталиева.

Жергиликтүү ишкерлердин жашыл экономикага өтүүсүндө бир топ тоскоолдуктар бар экени айтылды. Негизгилери — салык жагынан жеңилдиктер керек. Мындан тышкары, компетенттүү кадрлардын жоктугу да көйгөй. Ошол себептен «жашыл экономикага» өтүү узак процесс жана Кыргызстан үчүн бул жаңы багыт.

«Күн энергиясын колдонгон бир топ коомдук жайлар бар. Бул багытта да долбоор жазып жаткан ишкерлер бар. Кечээ эле бир ишкер кайрылды. Майлуу-Сууда чакан ГЭС куруу долбоорун даярдаптыр, каржы издеп жатат.

Мындан тышкары, эл аралык өнөктөштөр менен баарлашканыбызда көпчүлүгүнүн кийинки жылдагы жалпы пландары «жашыл» багыттагы долбоорлорду каржылоого басым жасайлы деп турушат. Ошол үчүн ишкерлерге да туура багыт берүү керек. Жалпылап айтканда, элде жашыл экономикага өтүүдө умтулуу бар» , — деди Мунара Мураталиева.

«Жашыл экономика» форуму Бишкектеги «Дасмия» этно-комплексинде саат 9:00до башталат. Анда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо, түруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жана башка багыттар талкууланат.

Green Expo көргөзмөсүндө эң акыркы үлгүдөгү «жашыл» технологиялар жана чечимдер сунушталат. Ар түрдүү ишканалардын жана банктардын стенддери коюлат.

Форум 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Өкмөт тарабынан 2019-жылы «Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү» программасы кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM