Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров абактан ооруканага которулду

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 369 | 0

Абактагы депутат Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы маалымдады.

Алардын айтымында, эл өкүлүн бүгүн, 26-октябрда эртең менен абактан Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борборуна алып кетишкен.

Мадумаровдун жактоочулары абактагы депутаттын ден соолугу начарлап кеткенин, ооруканага жаткыруу зарылдыгын айтып келишкен. Бул маселе парламенттин жыйынында да көтөрүлгөн.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 8-сентябрда УКМКнын тергөө абагына текшерүү жүргүзүп, анда кармалып отурган айрым адамдар менен маектешкен. Институт кызматкерлерине Адахан Мадумаров кант диабетинин экинчи түрү менен ооруй турганын, андыктан электрокардиостимулятор керек экенин айткан. 

Адахан Мадумаровду тергөө аяктап, иши сотко өткөрүлүп берилгенин анын жактоочулары 10-октябрда өткөн маалымат жыйында билдиришкен.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 18-октябрда Мадумаровго козголгон иштер боюнча соттук угуу өткөрүп, кийинки отурумду 30-октябрга жылдырган.

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду ИИМ кызматкерлери 2-сентябрда көчөдөн кармап кетишкен. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Оппозициячыл депутат «мамлекетке чыккынчылык» беренеси менен айыпталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM