Биз менен байланышыңыз

Депутат Адахан Мадумаров ИИМге жеткирилгени кабарланды

Кыска кабар | 2 Сен 2023 | 375 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду ички иштер министрлигине алып кетишкени кабарланды.

Аталган фракциядан «Маралга» тастыкташкандай, бүгүн, 2-сентябрда депутат Мадумаровду көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетшкен, жанында кичүү баласы да болгон.

Депутат милицияга эмнеге жеткирилгени белгисиз, ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Башкы прокуратура 2022-жылы да Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап, прокурордун сунушун четке каккан.

Башкы прокуратурадан тергөө укугу алынды

Copyright © 2017 Maral FM