Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратурадан тергөө укугу алынды

Кыска кабар | 27 Июл 2023 | 369 | 0

Президент Садыр Жапаров «КР прокуратурасы жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам менен тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салуу жана тергөө Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган жазык иштери боюнча тергөөнү кошпогондо, аларды ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат.

Аталган конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM