Биз менен байланышыңыз

Депутат Адахан Мадумаров камакка алынды

Кыска кабар | 2 Сен 2023 | 430 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, Мадумаров тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

Мадумаровду бүгүн көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетишкен.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Башкы прокуратура 2022-жылы да Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап, прокурордун сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM