Биз менен байланышыңыз

Мадумаровдун иши боюнча тергөө аяктап, сотко жөнөтүлдү

Кыска кабар | 10 Окт 2023 | 407 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго коюлган айыптар боюнча тергөө аяктап, иш Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өткөн маалымат жыйында жактоочулары кабарлады.

Жактоочулар тергөө «жашыруун» деген гриф менен жүргүзүлгөндүктөн, депутатка жардам берүү кыйын болуп жатканын айтышты.

Мадумаровдун жактоочусу Юлия Богданова «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айыптоо негизсиз деп эсептейт. Аны менен катар абактагы депутат өзү да муну ага каршы атайын жасалган иш катары баалап жатканын, колуна айыптоо актысы берилбегенин айтты.

Саясатчынын дагы бир жактоочусу Кубанычбек Тумановдун айтымында, Мадумаров кант диабети менен жабыркагандыктан туура тамактанышы зарыл. Абактагы саясатчынын жакындарына тамак киргизүүгө уруксат берилсе да, ал убагында жетпей, кыйналып жатат.

Адахан Мадумаровдун жүрөгүнө убактылуу аппарат коюшканда төрт жолу токтогону белгилүү болгон. Мындан улам УКМКнын бейтапканасынын кардиологу тезинен операция жасоо керектигин айткан.

«Медициналык документтердин негизинде Мадумаровдун кант диабети жана гипертониялык оорусу бар болгондуктан 1995-жылдан бери атайын клиникада каттоодо туруп, текшерилип келет. Дарыгерлердин айтымында, аталган оорулар менен жабыркаган адамды камакта калтырууга болбойт. Ошондой эле биз жүрөгүн текшертүү үчүн тергөө абагына кайрылганыбызда, көп убакыт өткөн соң, бизге уруксат беришти. Атайын дарыгер 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү жүрөгүнө атайын аппарат коюп текшергенде, төрт жолу токтогону белгилүү болду. Анын негизинде дарыгер тезинен операция жасоо керектигин айтты».

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду 2-сентябрда ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдөн кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту 24-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM