Биз менен байланышыңыз

Мадумаров ден соолугуна байланыштуу Акыйкатчы институтуна даттанды

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 4567 | 0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына текшерүү жүргүзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыдыруу учурунда бир катар кемчиликтер байкалган. Ошондой эле А. Тиленбаев, Н. Камчыбеков, Адахан Мадумаров, Динара Кутманова отурган камераларга да баш багышкан.

Алар менен сүйлөшүүдө А. Тиленбаев кан басымы жогору экенине даттанган. Ал эми Адахан Мадумаров кант диабетинин экинчи түрү менен ооруй турганын, андыктан электрокардиостимулятор керек экенин айткан.

Камактагы Динара Кутманова жүрөк кемтиги дарты барын, клапанды алмаштырышы керектигин айтып, маселени тез арада чечип беришин талап кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM