Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» былтыр 17,3 тонна алтын өндүрдү

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 294 | 0

«Кумтөр Голд Компани» 27-сентябрда тараткан маалыматка караганда, былтыр 17 миң 305 тонна алтын өндүрүлгөн.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчеттук мезгилдеги таза кирешеси 371,7 млн АКШ долларына жеткен.

Өткөн жылы ишкананын өлкө бюджетине салыкка, Социалдык фондго которуулары жана башка милдеттүү төлөмдөрү 385 млн АКШ долларын түзгөн.

26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык тармактык комитетинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет талкууланганда финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев «Кумтөр» кенинен өткөн жылы 15,9 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM