Биз менен байланышыңыз

Орусия ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө күйүүчү майды экспорттоого тыюу салды

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 374 | 0

Орусия ЕАЭБдин аймагынан тышкаркы өлкөлөргө бензинди жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Ал эми биримдиктин алкагында Орусиядан күйүүчү майдын келүүсү чектелбейт. Токтом Орусиянын өкмөттүк порталына жарыяланды.

Убактылуу чектөөлөр күйүүчү май рыногун толтурууга жана турукташтырууга байланыштуу экени, бул өз кезегинде керектөөчүлөр үчүн бааны төмөндөтөрү айтылат.

Документте белгиленгендей, ЕАЭБ аркылуу экспорттоолорго тыюу салынбайт. Анын ичинде биримдиктин башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанга да таасирин тийгизбейт.

Copyright © 2017 Maral FM