Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 365 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын Душанбе шаарында өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Президенттер кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Садыр Жапаров Тажикстандын борборуна 14-сентябрда барды, аны аба майданынан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышат.

Copyright © 2017 Maral FM