Биз менен байланышыңыз

Бул жолу мамлекеттик сыйлыктар кимдерге ыйгарылды?

Коом | 12 Сен 2023 | 708 | 0

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент жогорку даражадагы сыйлыктарды тапшырды. Анда бир катар маданият өкүлдөрүнө «Эл артисти», «Эл сүрөтчүсү», «Эл акыны» ардактуу наамдары, мамлекетке эмгеги сиңгендерге «Манас» ордени, «Даңк» медалы сыяктуу сыйлыктар берилди. Алардын катарында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да болду. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча Президенттин жарлыгы 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата чыккан. 

Кыргыз мамлекетине жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку ардак наамы жана «Ак шумкар» ордени быйыл кыргыздын легендарлуу инсандары, туңгуч премьер-министр Насирдин Исановго, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Министрлер кабинетинин төрагасы Абды Сүйөркуловго, даңазалуу хирург-академик Иса Ахунбаевге көзү өткөндөн кийин ыйгарылды.  

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу Кыргызстандын соңку тарыхында жакындарынын, тар чөйрөсүнүн гана камын жебей, өлкөм деп иштеген мекенчил инсандар мамлекеттин бакубаттуулугу үчүн ар кыл тармактарда өзгөчө эмгек сиңирип, Мекенге берилүүнүн үлгүсүн көрсөтүп келатканын айтты.

 «Мен сөзүмдү Эгемендигибиздин 32 жылдыгына карата көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер аталарыбыз Абды Сүйөркулов, Иса Ахунбаев жана Насирдин Исановго «Кыргыз Республикасынын Баатыры», Түмөнбай Байзаковго «Эмгек Баатыры» деген жогорку наамдарды ыйгаруу боюнча чыгарган Жарлыктарыман баштоону эп көрүп олтурам. Чындыгында эле бул ысымдар мүлдө кыргыз журтчулугуна кеңири белгилүү экени талашсыз. Жогоруда айтканымдай, ар бир доордун өз каармандары болгон сыяктуу соңку тарыхта Кыргызстандын жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган өмүрү өрнөк инсандар – дал ушул аталарыбыз».

I даражадагы «Манас» ордени коомго белгилүү ортопед-травматолог, академик Сабырбек Жумабековго ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка жетүүсүнө жамаатынын, шакирттеринин салымы зор экенин айтты.

 «Бул сыйлык бир эле меники эмес, бул — жалпы жаамааттыкы, окуучуларымдыкы, чогуу жасаган ишибиздин үзүрү. Мындай сыйлыктар бизди мындан да жакшы иштеп, элге татыктуу кызмат кылганга шыктандырат. Алдыда элге көптөгөн кызматтарды көрсөтө беребиз, ошону менен катар илимдин үстүндө да иштей беребиз. Андан сырткары жаңы муунду, шакирттерди тарбиялап, элге кызмат кылган атуулдарды чыгара беребиз».

Ошондой эле II жана III даражадагы «Манас» ордени берилгендердин катарынан Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированы, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковду, альпинист Эдуард Кубатовду, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминовду жана башкаларды көрүүгө болот.

Ал эми жогорку даражадагы «Данакер» ордени менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун төрагасы Султан Раев сыйланды. Анын пикиринде, акын-жазуучулар, чыгармачыл адамдар үчүн эң жогорку сыйлык — элдин эсинде түбөлүк кала турган мыкты чыгарма жаратуу.

«Бул жолкусунда татыктуулар сыйланды деп ойлойм, анткени көп жылдан бери эмгектенип, сыйлык ала электер алды. Ошондой эле маданият, адабият жаатында үзүрлүү эмгектенгендердин, калемдештериңдин ушундай жогорку сыйлыкка көрсөтүлүп жатканы кубандырат. Жазуучулардын, чыгармачыл адамдардын эң башкы сыйлыгы — окурмандар үчүн жакшы чыгармаларды жазуу керек, биз үчүн андан өткөн сыйлык жок. Бирок эмгегиңди баалап, улуттук адабиятка кошкон салымыңды эске алып, ушундай сыйлык берип жатканы — мен үчүн кубанычтуу жагдай. Эл аралык уюмда кыргыз маданиятын түрк дүйнөсүнө таанытуунун үстүндө иштеп жатабыз».

«Кайсы гана бийликтин тушунда болбойлу, куудулдар ар дайым өгөйлөнүп калабыз» деген Абдылда Иманкулов бул жолу Кыргыз эл артисти наамын алды. Ал бул сыйлыкка татыктуу куудулдардын көзү өтүп кеткенин айтып, буларга токтолду.

 «Куудулдар кайсы гана бийлик келбесин, өгөй балдардай болуп келгенбиз. Мындай сыйлыкка татыктуу далай инсандар, куудулдар кетип калды. Тагдыр буйруп мага насип кылган экен, мен алып жатам. Биз сахнадан алыстаган жокпуз, ар дайым элдин кызматындабыз. Бийликтин, коомдун терс көрүнүштөрүн, кемчиликтерин сатиранын тили менен айтып, сындап турушубуз керек, бул — биздин жумуш».

Ошондой эле сыйлык алгандардын ичинде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да бар.

Мамлекеттик сыйлык алган Жогорку Кеңештин депутаттары

Кыргызстанда жыл сайын Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик сыйлыктар эки ирет: Эгемендүүлүк күнүнө карата жана жыл жыйынтыкка карата ыйгарылат. Ошол эле учурда мамлекеттик сыйлык-наамдарга байланыштуу талаш-талкуулар токтобой келет. Айрымдары мамлекеттик сыйлыктар татыктууларга берилген жок деп сындашса, айрымдары сыйлыктардын мааниси жоголуп баратканын айтышып, союз мезгилинен калган адат катары баалап келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM