Биз менен байланышыңыз

Быйыл сел кырсыктарынын саны 50 пайызга өстү

Коом | 25 Июл 2024 | 1191 | 0

Кыргызстанда жыл башынан бери селдин кесепетинен 22 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кырсыктан каза болгондордун 15и өспүрүмдөр экенин белгиледи.

Анын маалыматына караганда, Ош облусунда – 15, Ош шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 жана Баткен облусунда – 1 адам селге агып каза болду. Сел кырсыктарынын катталуусу боюнча Ош облусу биринчи орунда турат. Мында жалпы 37 сел катталган.

Министрдин орун басары Азамат Мамбетов Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталганын маалымдады.

«Сел кырсыктарынан улам келтирилген материалдык чыгым 1,1 млрд сомду түзүүдө. Бул өткөн жылдагы сел кырсыктарына салыштырмалуу 50%га көп. Учурда Ош шаарында, Ош облусунда жана Базар-Коргон районундагы акыркы болгон селден кийинки чыгымдар эсептелип бүтө элек, аны кошкондо жалпы сумма дагы көбөйүшү мүмкүн. Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондоруна, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай, Баткен райондоруна, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондоруна, Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, кесепеттери жоюлгандан кийин режим алынган. Учурда өзгөчө кырдаалдар режими Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сакталуу».

Министрдин орун басары Мамбетов учурда көп катталып жаткан селдердин келип чыгуусунун себептерине токтолду.

«Эң негизги себептеринин бири сел суулары агып өтүүчү сайларга курулган көпүрөлөрдүн сыйымдуулугунун төмөндүгү. Көпүрөлөр өтө төмөн курулгандыктар, сел агызып келе жаткан бак-дарак, таштар ага такалып, натыйжада сел суусу сайдан ашып, аймактарды каптаган учурлар көп болууда. Ошондой эле дарыялардын сел агып өтүүчү нуктарынын тазаланбаганы, жер кыртышынын дегредацияга учурашы, ички чарбалык көпүрөлөрдүн долбоорсуз курулушу дагы сел жүрүүлөрдү пайда кылууда. Мисалы, жакында эле Ош шаарында сел жүрдү. Ошол жерде Ак-Буура дарыясынын үстүнө 11 көпүрө мыйзамсыз курулган. Учурда алардын баары демонтаждалууда».

Мамбетов кошумчалагандай, мындан тышкары калктуу конуштарда ирригациялык системалардын өз убагында тазаланбаганы жана дарыянын жээктериндеги кооптуу тилкелерде эс алуу жайлардын курулушу дагы кырсыктардын көп катталуусуна алып келүүдө.

Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жыл башынан бери сел кырсыгынан жабыркаган объектилер тууралуу айтып берди.

«Жыл башынан бери 311 сел кырсыгы катталып, 4 миң 551 турак жайды, 68 социалдык объектини, 568 гектар айдоо аянтын жана 404 чакырым унаа жолун сел суулары каптаган. Ошондой эле 869 ар түрдүү мал-жандыкты, 69 ички чарбалык көпүрөнү агызып, 87 унаа жабыркаган. Натыйжада 76 турак жай авариялык абалга келип, 86сы үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Жалпысынан селдин кесепеттерин жоюуга 6 миң 399 куткаруулар, кызматкерлер жана жергимликтүү калк жана 1067 инженердик техника тартылып, 4 миң 302 турак үй, 68 социалдык объект, 85 чакырым арык жана каналдар, 400 чакырым жолдор сел калдыктарынан тазаланды. Ош шаарындагы жана Базар-Коргон районундагы акыркы сел каптоолорду эске албаганда, келтирилген чыгып 1,1 млрд сомго жетти».

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады.

Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 25-29-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти республиканын төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү жана унаа жолдорго таш кулоо процесстердин активдешүүсү мүмкүн экенин эскертет.

– Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда,

– Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда,

– Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда,

– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда,

– Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда,

– Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда,

– Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Ал эми өлкөнүн унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

– Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

– Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

– Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

– Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

– Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

– Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

– Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

– Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM