Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сыйлык алган Жогорку Кеңештин депутаттары

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 394 | 0

Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да бар.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Даңк» ордени менен сыйланды.

Депутаттар Гүлкан Молдобекова, Данияр Төлөнов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алышты.

Ал эми Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамды депутат Шайлообек Атазов алды. Ал ошол эле учурда Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM