Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны жетиге жетти

Кыска кабар | 19 Июл 2023 | 519 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны 19-июлга карата жетиге жетти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов .

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Бир мандаттуу Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер 10-август күнү саат 18:00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

100 миң сом төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны бербеген депутаттык мандат үчүн талапкерлер катталбайт. Талапкерлер атайын эсепке акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматты жума сайын, ал эми БШКнын талабы боюнча 24 сааттын ичинде берип турууга милдеттүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Талапкер болууга арыз бергендин бири Эртай Исаков Сокулук райондук сотунун чечими менен таза сууну талап кылган нааразылык акциясынан кийин бейбаштыкка шектелип, эки айга камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM