Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2024 | 143 | 0

9-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады.

Анда фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси тереңдиги, Жеңиштин келишине Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошкондугун белгилеген.

«Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу Жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында “Даңк” орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз.

Үйдө калган жубайына, уул-кыздарына, күтүүдөн саргайган ата-энелерине кайтпай калган жоокерлерге, Ата Журтун жанынан артык көргөн жана Мекен деп жанын берген бардык маркумдарга башыбызды ийип, таазим кылабыз!»

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM