Биз менен байланышыңыз

«Аккула» ат майданы үчүн аукцион 16-майда болот

Кыска кабар | 9 мая 2024 | 170 | 0

Бишкек шаардык мэриясы “Аккула” ат майданынын жери үчүн аукцион 16-май күнү, саат 10:00дө болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Ат майдандын жалпы аянты 45,736 гектар жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрди түзөт.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды. Көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8,7 миллиард сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Быйыл 21-мартта «Аккула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынган. .

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделген. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданында соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан болору эске алынган, комплекс жыл бою иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM