Биз менен байланышыңыз

10-майга күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 9 мая 2024 | 215 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-майда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13… + 18, күндүз +20… + 25,

Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 17 … +22

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… + 18, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +20… + 25

Нарын облусунда түнкүсүн +6… + 11, күндүз + 21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 23…25 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM